|
Благотворительная организация
|
|
КАЙРЫМДУУЛУК УЮМУ – коммерциялык эмес, жалпы коомчулуктун же жактардын айрым катмарларынын кызыкчылыктарына кайрымдуулук иштерин жүргүзүү жолу менен мыйзамда каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн уюм. К. у. коомдук уюмдар (бирикмелер), фонддор жана башка мыйзамда каралган тариздерде түзүлөт. К. у. эгер анын уюштуруучусу кайрымдуулук уюму болсо, мекеме түрүндө түзүлүшү мүмкүн. К. у. эгер ал өз ишин филиалдары, өкүлчүлүктөрү же мекемелери аркылуу 2 же андан көп мамлекеттерде жүргүзсө, эларалык болуп саналат.
|